Орусия-Украина: Сүйлөшүүлөр улана берет

  • 2 года мурун

10-мартта Анталияда Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу өттү. Аны Түркия уюштурган, сүйлөшүүгө аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Мевлүт Чавушоглу да катышты.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: “Эгер агрессор өлкө каалабаса, биз согушту токтото албайбыз” деди.

Кулебанын айтымында, жолугушууда ал Киев орус Президенти Владимир Путиндин талаптарын аткарса, ок атышууну токтотуу мүмкүн экенин укту. Кулеба Орусиянын талабын толук капитуляция деп кыскача мүнөздөдү.

“Бирок Украина багынбайт. Биз дипломатиялык чечимдерди издейбиз, ага чейин кишилерибизди орусиялык агрессиядан коргойбуз” деп белгиледи министр. Ал тынчтык жөнүндө макулдашуу үчүн Украина Орусия менен өз ара сүйлөшүүлөрдү уланта берерин белгиледи.

Сергей Лавров да украин кесиптеши менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында Москва диалогго даяр экенин айтты. Ал буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасында айрым жылыштар болгонун билдирди. Лавров азыр орус тарап куралдуу жаңжалды аяктоо үчүн Украинага өз сунуштарын бергенин жана жооп күтүп жатканын белгиледи.

РБК-Украинанын кабарлашынча, бир жарым саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Кулеба украин тарап курч гуманитардык маселелерди чечүү үчүн суткалык элдешүү маселесин көтөргөнүн, бирок прогресс болбогонун айтты. “Кыязы, Орусияда бул боюнча чечимди башка кишилер кабыл алат окшойт”деген Кулеба.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты