Орусия товар эсептешүүдө рубль, сом,теңге жана драмды колдонууну сунуштоодо

  • 2 года мурун

Орусия Евразия өкмөт аралык кеңешинин талкуусуна товар эсептешүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын кеңири колдонуу маселесин алып чыгат.

РБК маалымдагандай, Орусия уюмдун мүчөлөрүнүн импорттук-экспорттук эсептешүүсүндө рубль, теңге, сом, драм жана беларус рублинин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштайт.

Сунуштардын арасында SWIFTсиз эсептешүү мүмкүндүгүн камсыздоо да бар.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай операциялардын 70% орус рубли, төрттөн бир бөлүгү доллар жана евро, калган кичинекей бөлүгү башка валюталар менен жүргүзүлгөн.

Бул маселе 25-26-августта Чолпон-Атада Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында каралат.

Орусия чет өлкөлүк валюталардан кутулуп, ЕАЭБ аймагында бирдиктүү валютаны — рублди киргизүү демилгесин мурдатан эле көтөрүп келет. Казакстан сыяктуу бул уюмдун башка мүчөлөрү муну келечектин иши катары толук колдогон эмес.

Рублди бирдиктүү валюта катары кабыл алууну айрым эксперттер өлкөнүн суверенитетин чектейт деп эсептешет.

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны  өтүүдө. Жыйын эртең, 26-сентябрда да улантылат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты