Президент Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекет катары иш-чараларга катышкан Өзбекстанпремьер-министри Абдулла Арипов жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров кийинки Евразия экономикалык форуму 2027-жылы Кыргыз Республикасында өлкөнүн ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун алкагында өтөрүн белгиледи.

Президент форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды кеңири тартуу аркылуу анын катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады.

“Мамлекет башчы өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду активдештирүүнүн, ошондой эле Биримдикке мүчө бардык мамлекеттер үчүн колдоо жана каржылоо механизмдерине тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты