Орусия согуш ачкандан бери Украинада 483 бала набыт болду

  • 11 месяцев мурун

Орусия Украинага кеңири чабуул баштагандан бери 483 бала каза болуп, 989 бала ар кандай деңгээлде жаракат алган. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.

Эң көп бала Донецк, Харьков жана Херсон облустарында жапа чеккен.

“Жабыр тарткандар мындан да көп болушу мүмкүн. Уруш жүрүп жаткан, убактылуу басып алынган жана баскынчылардан бошотулган аймактарда жабыркагандарды аныктоо иштери жүрүүдө”, деп кабарлады прокуратура.

БУУнун маалыматы боюнча 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 8-майына чейин Украинада 8 791 жай тургун набыт болуп, 14 815и жарадар болгон. БУУ курмандыктардын чыныгы саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты