Орусия сентябрда Украинага рекорддук сандагы дрондор менен чабуул жасады

  • 7 месяцев мурун

Орусия сентябрь айында Украинага 503 «Шахед» дронун учурган. Украиналык Defense Express маалыматтык-консалтинг компаниясынын эсебине ылайык, бул толук масштабдуу согуш башталгандан бери бир айдын ичинде Украинага каршы колдонулган дрондордун саны боюнча рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.

Компания белгилегендей, Орусия Ураинанын аймактарына сентябрда 19 күн дрон менен чабуул жасаган. Орточо эсеп менен орус тарап бир учурганда 26дан, эки жолу 44төн дрон учурган. Украина алардын 396сын атып түшүргөн.

Defense Express Орусия «Шахед» дрондорун Ирандан канчага сатып алып жатканы белгисиз экенин жазды. Бирок болжол менен анын баасы 20-40 миң доллар турарын эске алып, Москва бул дрондор үчүн 10-20 миллион доллар коротушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген.

«Бирок Украина коргонуу үчүн ал дрондордун баасынан кыйла көп каражат жумшап жатат. Эгер сентябрда ар бир «Шахедге» каршы бирден NASAMS ракетасы колдонулду деп эсептесек, анда ал сумма 654 миллион долларды түздү» деп жазды Defense Express.

Ирандын дрон өндүрүүчүлөрүнө каршы АКШ менен Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды киргизген. Быйыл жыл башында The Wall Street Journal басылмасы Орусия менен Иран Татарстанда жылына 6 миңден дрон чыгарууга кудуреттүү завод курууну пландап жатканын жазган. Анда ал заводдо жакшыртылган, жаңы кыймылдаткыч орнотулган «Шахед-136» үлгүлөрү өндүрүлөрү айтылган.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дрон өндүрүү боюнча Иран менен кызматташуу тууралуу маалыматты ырастаган эмес.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты