Орусия министри Александр Куренков  келди. Өрт өчүрүүчү 40 унаа тапшырат  

  • 1 год мурун

Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Меймандарды «Манас» эл аралык аба майданынан Кыргызстандын  өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.

Маалым болгондой, бүгүн Россия Федерациясынан жардам иретинде келген өрт өчүрүүчү 40  унаа расмий түрдө өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ басма ссөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты