Орусия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү атайын 40 унаа тапшырды

  • 1 год мурун

Бишкекте өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиядан келген өрт өчүрүүчү атайын 40 унааны тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда ар кандай кырсык көп болуп андагы чыгым да көп болорун билдирди: .  

-Биздин өлкөдө жылына ар кандай 200дөн ашык өзгөчө кырдаал катталып турат. Андан келтирилген чыгым 4 млрд сомго жетет,-деп билдирди Акылбек Жапаров.   

Орусия министри Александр Куренков бул техника климаттык катаал шарттарга ылайыкталып чыгарылганын маалымдады.

-Биздин өрт өчүрүүчү машиналардын техникалык мүнөздөмөлөрү катаал климаттык шарттарга ылайыкталып жасалган. Алар мегаполистерге да, айыл жерлерине да, тоолуу аймактарга да ылайыкталган,-деди Куренков.  

“КАМАЗ” машинасынын негизинде чыгарылган бул машиналарда 6000 литр  суу баткан бак бар, 360 литр көбүк батат, секундуна 40 литр суу чыгарган насосу бар, ар кандай диаметрдеги 18 даана өрт өчүрүү жагдайлары, гидрант, гидроэлеватору, ар кандай узундуктагы 3 шатысы бар.   

Сүрөт Минкаб. басма сөз кызматы.      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты