Орусия Казакстанда үч жылуулук электр борборун курууга ниеттенүүдө

  • 6 месяцев мурун

9-ноябрда Казакстан жана Орусия башчыларынын катышуусунда өткөн аймактар аралык форумдун алкагында тараптар тиешелүү меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, Орусия Казакстандын үч шаарына – Өскемен, Көкшетау жана Семейге жылуулук электр станциясын салып бермекчи.

Былтыр ноябрь айынын аягында Экибастуз Жылуулук электр борборунда ири авария болгон. Андан кийин өлкөдө жылуулук тармактары толугу менен эскирип, инфраструктураларды жаңылоо үчүн тарифти көтөрүү керектиги айтылган.

Быйыл казак өкмөтү жылуулук электр объектилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттен 37 млрд теңге бөлгөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-ноябрда Казакстанга расмий сапар менен барды. Эксперттер орус лидери Казакстанга Батыш өлкөлөрүнүн Борбор Азияга кызыгуусу күчөгөн маалда келгенин белгилешет.

Бейшемби күнү түштөн кийин Акордада эки өлкөнүн лидерлери 19-аймактар аралык кызматташтык форумун ачышты. Ага Токаев менен Путин видеобайланыш аркылуу катышты.

Маалыматка ылайык, иш-чарада айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери да талкууланды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты