Орусия ИИМи украиналык ырчы Жамалага издөө жарыялады

  • 6 месяцев мурун

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) крымдык татар улутундагы украиналык ырчы Жамалага издөө жарыялады.

Бул тууралуу «Медиазона» басылмасы мекеменин базасындагы тиешелүү жарыяга шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, ырчы «орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан» деп айыпталууда. Ага октябрдын ортосунда эле издөө жарыяланып, ноябрда орус соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.

2016-жылы «Eurovision» сынагына Украинанын атынан катышкан Жамала крым татарларынын депортациясы тууралуу «1944» деген ырын аткарып, сынактын жеңүүчүсү деп табылган. 2023-жылы ал өз элинин эски ырларын топтоп, «Крым» деген аталыштагы альбомун чыгарган.

Ырчы учурда уланып жаткан согуштун жыйынтыгында Орусия Украинага бардык аймактарын кайтарып бериши керек деп эсептейт.

Сүрөттө: Ырчы Жамала. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты