Орусия дан келишиминен чыккандан кийин дүйнөлүк базарда буудай менен жүгөрү кескин кымбаттады

  • 10 месяцев мурун

Дүйшөмбү күнү Орусия дан келишиминен чыкканын жарыялагандан кийин дүйнөлүк базарда буудайдын жана жүгөрүнүн баасы кескин жогорулады. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Ак үй Орусиянын мындай чечими «азык-түлүк коопсуздугун начарлатарын жана дүйнөдөгү миллиондогон адамга зыян келтирерин» билдирип, Москваны тез арада бул чечимин жокко чыгарууга чакырды.

«Дан келишими Орусия Украинага бастырып киргенден кийин кескин жогорулап кеткен дүйнөлүк базардагы азык-түлүктү арзандатууда чечүүчү ролду ойногон» деди АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Адам Хожа.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын дан келишиминен чыгуу тууралуу чечимине карата өкүнүчүн билдирди. Ал бул макулдашуу согуш башталгандан бери азык-түлүктүн 23% арзандашына түрткү болгонун белгиледи.

«Жүз миллиондогон адам ачкачылыкта жашап жатат, керектөөчүлөр глобалдык каатчылыкка кабылууда. Мунун баары үчүн ошолор төлөйт» деди Гутерриш.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Москванын Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотуп жатканын айыптады. Ал Евробиримдик дүйнө калкынын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы аракеттерин уланта берерин билдирди.

Улуу Британия орус бийлигинин дан келишиминен чыгуу чечимин «өтө муктаж адамдарга зыян келтирүү аракети» деп атады. Нидерланддын тышкы иштер министри Вопке Хукстра Орусияны дан келишимине кайтып келүүгө чакырды. «Орусиянын тамак-ашты куралга айлантып жатышы өтө адепсиздик» деп жазды ал «Твиттердеги» баракчасына.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Орусия келишимге катышпаган шартта да дан экспортун уланта берерин билдирди.

«Биз коркпойбуз. Бизге кемелерге ээлик кылган компаниялар кайрылышты. Алар эгер Украина жөнөтүп, Түркия кабыл алып турса, эгин ташууну улантууга даяр экенин айтышты» деди Зеленский.

Украин президенти дан келишиминин алкагында эки макулдашууга кол коюлганын белгиледи: биринчиси Орусия, Түркия жана БУУнун, экинчиси Украина, Түркия жана БУУнун ортосунда. «Орусия бул чечими менен БУУнун башкы катчысы Гутерриш жана түрк президенти Эрдоган менен түзүлгөн келишимден чыгып жатат. Биз менен эмес. Бизде Москва менен эч кандай макулдашуу болгон эмес» деди Зеленский.

Орусия Түркия жана БУУнун катышуусу менен бир жыл мурда түзүлгөн дан келишиминен чыкканын дүйшөмбүдө жарыялап, буга Москва койгон айрым талаптар аткарылбай жатканын жүйө келтирген.

Кремль орус жер семирткичтерин Украина аркылуу Европага экспорттоодогу тоскоолдуктарды жоюуну жана Россельхозбанктын эл аралык SWIFT системасына кошулуусун талап кылууда.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылган. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты