Кыргызстанда АИ-95 бензини кескин кымбаттады

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда АИ-95 бензин баасы кескин көтөрүлүп кетти. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланууда.

Учурда АИ-95 бензини 89,90 сомдон 109,9 сомго чейинки баада сатылууда. Бул баа кечээ жакында эле 98 сомдон болгон.

Буга чейин Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майга болгон мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу чечимдерине өзгөртүү киргизип, социалдык маанилүү товарлар тизмегинен АИ-95 бензинин чыгарган.  

Министрлер кабинети жана Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рынокту туруктуу күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында ыкчам чараларды көрүп келээрин билдирген. Энергетика министрлиги кчурда республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запастары түзүлгөндүгүн да белгилеген.

Маалыматта айтылгандай, камсыздоонун туруктуулугун сактоо максатында Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандагы компетенттүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлгөн.

Ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул алкакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна жана «Кыргызнефтегаз» ишканасына иш сапар менен барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, технологиялык процесстери жана продукциянын сапаты менен таанышты.

Иш сапарлардын жүрүшүндө президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, ошондой эле энергетика министри Алтынбек Рысбеков да аталган ишканаларга барып, жеринде өндүрүш процесси менен таанышты.

Мындан тышкары, ички рыноктогу баа кырдаалы тынымсыз көзөмөлдөнүп жатканы айтылган.

Белгиленгендей, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттойт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды негизги экспорттоочу болгон Россияда азыркы тапта бул товардын кризиси орун алууда. Май айында Россиянын нефть өнөр жайларына Украинанын учкучсуз учактарынан чабуулунун кийин күйүүчү май таңсыктыгы күчөгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты