Орусия: Брянск, Белгород жана Курск облустарында контртеррористтик операция режими киргизилди
- 1 месяц мурун
Орусиянын Террроризмге каршы Улутттук комитети Брянск, Белгород жана Курск облустарында контртеррористтик операция режимин киргизүүнү жарыялады.
Контртеррористтик операция режиминин киргизилиши Украина тараптан диверсиялык-террористтик коркунучтардын күчөшүнөн келип чыкканы айтылды.
Контртеррористтик операция режими терроризмге каршы туруу мыйзамынын негизинде киргизилгени айтылды. Ал өзгөчө укуктук абал болуп саналат жана зарыл учурда теракттын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтууга багытталган. Контртеррористтик операция режими учурунда бийлик жарандарды жана унааларды айрым аймактардан эвакуациялоого, байланыш каражаттарын өчүрүүгө, телфон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого укук алышат, ал эми күч структуралары соттун санкциясыз эле жарандардын үйлөрүнө кирип барууга же турак жай эмес кайсы объекттерге болбосун, кирип барууга укук алат.
Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусуна 6-августтун таңында чабуул жасалган. Ошондон бери уланууда. Айрым телеграм-каналдар украин армиясы бир нече кыштакты ээлегенин жазышты. Орусиянын коргоо министри украин күчтөрү 300дөй аскер, ондон көп танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлады.
Сүрөт: Интернет булактарынан