Орусия аскердик абал тууралуу Европа Кеңешине кабар бербейт

  • 9 месяцев мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик жана өзгөчө абал тууралуу мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоорун Мамлекеттик Думага жөнөттү. Документ Мамдуманын маалыматтар базасына жарыяланды.

«Коммерсантъ» басылмасынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр кабыл алынса, Орусия аскердик жана өзгөчө абал режимдери учурунда адам укуктарынын сакталышы боюнча эл аралык макулдашууларды аткарбай турганы жөнүндө Европа Кеңешине маалымат берүүдөн баш тартуу укугуна ээ болот.

Күн мурун Путин өзгөртүүлөр каралып жатканда президенттин Мамдумадагы расмий өкүлү катары жыйынга тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко катышары жөнүндө буйрук чыгарган.

Аскердик жана өзгөчө абал тууралуу азыркы мыйзамга ылайык, мындай режимдер жарыяланганда учурда президент БУУ менен Европа Кеңешинин төрагаларына Орусия эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелеринен баш тартары жөнүндө маалымат бериши керек.

Орусия Украинага кол салганы үчүн былтыр мартта Европа Кеңешинен чыгарылган. Андан соң Москва Европа Кеңешинин бир нече конвенциясын, анын ичинде адам укуктары тууралуу конвенциясын денонсация кылган.

Орусиянын бийлиги былтыр октябрда Украинанын аннексияланган төрт облусуна (Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон) аскердик абал киргизген. Анда Путин азыркы мыйзамдарга ылайык бул жөнүндө Европа Кеңешине кабар берген-бербегени белгисиз.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты