Садыр Жапаров: “Ал киши мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын”
- 4 недели мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, “Кабар” агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиев менен дос бойдон каларын, бирок мамлекеттик кызматка келбей турганын, дос эс алып, ден соолугун чыңдасын деген пикирин билдирди:
Суроо: -Айрым саясатчылар жана айрым аксакалдар менен айрым активисттер “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнүн келечеги үчүн мурдагыдай эле ынтымакка келиши керек” деген чакырыктарын жасоодо. Буга чейинки маегиңизде “дос бойдон кала беребиз” дедиңиз. Азыр деле ошол позициядасызбы?
Жооп: — Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.
Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат,-деди Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Сүрөт: president.kg




