Орусия аскерден качкан мигранттарды жарандыктан ажыратууга ниеттенүүдө

  • 8 месяцев мурун

Аскердик каттоодон жана мобилизациядан качкандарды жарандыктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоору келерки жумада Мамлекеттик Думага жөнөтүлөт.

Бул тууралуу аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев билдирди.

Буга чейин аткаминер орус жарандыгын алгандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аскердик каттоого турбаса, аскердик милдет өтөөдөн баш тартса, бул жагдайлар жарандыктан ажыратууга негиз болорун айткан. Матвеев аларды жарандыктан ажыраткандан кийин Мекенине депортациялоону сунуштаган.

«Ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жарандыктан ажыратуу керек деп эсептейм» деп жазган Матвеев. Бул сунуш мыйзам долбоорунун текстине кирген-кирбегени азырынча белгисиз.

Орусия мыйзамдарына ылайык, бул өлкөнүн жарандыгын алган, аскерге жарамдуу адам паспорт колуна тийгенден кийин эки аптанын ичинде аскер комиссариаттарына барып каттоого турушу керек.

Орусиянын президенти Владимир Путин апрель айында армия тууралуу жалган маалымат тараткан, аны “каралаган”, убагында орус жарандыгын алгандарды атуулдуктан чыгаруу тууралуу мыйзамга кол койгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты