Орус композитору Родион Щедрин көз жумду

  • 11 месяцев мурун

Орус композитору Родион Щедрин 93 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Мариин театрынын басма сөз кызматы кабарлады.

Родион Щедрин 1932-жылы 16-декабрда Москва шаарында туулган. Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектептен, хор окуу жайынан, консерваториядан окуган.  

Родион Щедрин көптөгөн опера, балет, симфонияларды жазган, алардын арасынан  Биринчи симфония, “Конек-горбунок”, “Кармен-сюита” балеттери ж.б. кеңири белгилүү.

Щедрин 20 жылдай  Россиянын композиторлор союзун жетектеген, СССРдин жана Россиянын Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

1981-жылы СССРдин эл артисти наамын алган, Ленин сыйлыгынын, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын жана Россиянын мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты болгон.

Родион Щедрин балерина Майя Плисецкаяга үйлөнгөн. (Плисецкая 2015-жылы каза тапкан).

Сүрөттө: Родион Щедрин culture.ru

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты