Орус аскерлеринен бошотулган Буча шаарында көптөгөн тургундар каза болгону кабарланды

  • 2 года мурун

Орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турган Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургун набыт болгону кабарланууда.

Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болду.

Ишембиде шаарга кирген Reuters жана AFP агенттигинин кабарчылары да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташкан.

Өлгөндөрдүн айрымдарын туугандары тааныган. Алардын көпчүлүгү минага жарылып набыт болсо, арасында башына атылган октон, колдору таңылган боюнча өлгөндөрү да бар экени айтылууда. Украин Президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк аларды орус аскерлери өлтүргөн деп божомолун «Твиттерге» жазды.

Буча шаарынын мэри 300дөй сөөк бир мүрзөгө коюлганын билдирди.

Орусиянын Президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты