«Орто-Токой” чакан ГЭСин куруу: Курулуш баасы аныкталды

  • 1 год мурун

Акция ээлеринин жалпы 23-мартта өткөн жыйналышында “Орто-Токой” чакан ГЭСИнин кытайлык компания тарабынан куруу баасы аныкталды.

Кытайдын «China National Heavy Machinery Corporation» аттуу компаниясы Ысык-Көл облусунун чакан гидроэлектр станция курууга 35 млн 996 миң 710,0 АКШ доллары же бардык салыктарды эсептегенде буга барабар кытай юанын сарптоо суммасы бекитилди.

Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы маалымат жарыялады. 

24-мартта “Чакан ГЭС” ишканасынын башкы директору Нурлан Садыков менен China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг кол койгонун Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

“Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат”, – деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстанда курулган эң алгачкы суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты