Кыргызстан Орто-Токой ГЭСин Кытай менен биргеликте курат
- 2 года мурун
Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен биргеликте курат. Тиешелүү келишимге бүгүн, 24-мартта “Чакан ГЭС” ишканасынын башкы директору Нурлан Садыков менен China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг кол койгонун Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат», — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстанда курулган эң алгачкы суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.