Орто-Сай базарынан өрт чыкты

  • 2 года мурун

15-январда саат 02:38 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районунун Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккан.

Саат 03:37 өрт чектөөгө алынып, саат 05:10 де толук өчүрүлгөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жалпы аянты 180 ч.м. жашылча- жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон муздаткыч, отургучтар күйгөндүгү белгиленди. Эт сатуучу павильондун ички түштүк – чыгыш тарабы, сырткы түндүк – түштүк жана чыгыш тарабында жайгашкан соода оорундар, павильондор өрттөн сакталган.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Анын себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты