“Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматынын дагы бир кызматкери кармалды

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн фактылар аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

13-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. улантылып жатканы айтылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты