Орозо айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

  • 1 месяц мурун

Орозо айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Орозо айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

30-мартта Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерде Орозо Айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт”, — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты