Орозайым Нарматованын атасы УКМКда сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов 17-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу Нарматованын жардамчысы Мирлан Урайымов 24.kg басылмасына билдирген.

Маалыматка ылайык, Көчкөнбай Нарматов суракка Орозайым Нарматованын диплом маселеси боюнча чакырылган.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыккан. Атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты