Орок айылында милиция кызматкери зордуктоого шектелүүдө
- 3 дня мурун
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында милиция кызматкери 20 жашар кызды коркутуп, күч колдону менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелип кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 2005-жылы туулган А.кызыА. арыз менен кайрылган. Арызында ал 28-ноябрда түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен унаанын ичинде отурган кезде, аларга белгисиз адам келип, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырганы, андан соң, арыз ээсинин таанышын дүкөнгө жиберип, кызды коркутуп, күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасандыгын билдирген.
Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан арызда көрсөтүлгөн жаран К.Ж. аттуу милиция кызматкери экендиги аныкталып, кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Материалдар жана шектүү УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
1988-жылы туулган К.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




