Орловка шаарындагы көлмөгө эки киши чөгүп кеткен

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 10-июнда, Орловка шаарындагы көлмөгө чогүп кеткен 32 жаштагы эки жарандын биринин сөөгү табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Ж. уулу А.нын сөөгү ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Сууга чөгүп кеткен К.А. аттуу экинчи кишини издөө иштери жүрүүдө.

Кемин районунун Орловка шаарындагы көлмөгө 9-июнь күнү кечке маал эс алууга барып, көлмөгө 1991-жылы туулган 2 жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты