Акча опузалоого шектүү топ кармалды

6-августта Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү ишкер С.К.С.дан акча каражатын опузалап алып жаткан учурда А.у.А. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дагы үч шектүү шериктеш: 2001-жылы туулган Д.у.К., 2001-жылы туулган М.Ш.М., 2000-жылы туулган А.Э.К. кармалды.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр ишкерди коркутуп, андан ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалашкан.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү («Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо») менен кылмыш иши козголду. Тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты