Опузалап пара алууга шектелген бажы кызматкери кармалды (Видео)  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө боюнча улук инспектору майор Ж.у.М. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Ага кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.  Кармалган кызматкер аталган бажылык тариздөө аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты