Оппозициячыл депутат Вашадзеге суу чачып жиберишти. Грузин парламенти «чет элдик агент» мыйзамына койгон ветону жойду

  • 2 месяца мурун

28-майда Грузиянын парламенти «чет элдик агент» мыйзамына президент койгон ветону жойду. Талкуу сегиз сааттай уланып, оппозициялык жана бийликчил депутаттар ортосунда кайрадан кайым айтышты.

Талкуу учурунда трибунада сүйлөп жаткан оппозициячыл депутат Георгий Вашадзеге суу чачып жиберишти. Мындай кадамга барган бийликчил депутат Ирма Заврадашвилиге жооп берген Вашадзе «чет элдик агент» мыйзамын кабыл алууга мажбурлап жаткан депутаттарды «саткындар» деп айыптады.

«Бул суудан мен да, грузин эли да эч нерсе болбойт. Бирдиктүү жана күчтүү Грузия эч качан, кандай гана бай киши болбосун, чөгөлөбөйт» деди ал.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы демилгелеген мыйзам долбоору талкууланып жатканда буга чейин да депутаттар ортосунда чыр чыккан окуялар катталган.

15-апрелде оппозициялык «Жарандар» партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттик көпчүлүктүн өкүлү, «Грузин кыялынын» лидерлеринин бири Мамука Мдинарадзе менен мушташа кеткен.

Батыш жана АКШ грузин бийлигинин мындай демилгесин айыптоодо. 23-майда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен демократияга коркунуч жаратуучу бул мыйзамды сунуштаган саясатчыларга жана алардын жакындарына визалык чектөө киргизүү жана эки өлкө ортосундагы мамилени карап чыгуу чечимин жарыялаган.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары «чет элдик өкүл» мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги «Грузин кыялы» сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Президент Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18 майда вето койгон жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.

«Чет элдик агент» мыйзамына каршылыгын билдирген миңдеген жаран нааразылык акцияларын 1,5 айдан бери улантып келе жатышат. Алардын айрымдары полиция менен кагылышуу болгондо кармалып, кийин коё берилген. Полиция демонстранттарга күч колдонгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты