Опера ырчысы Светлана Гусарова дүйнөдөн кайтты

  • 1 месяц мурун

Кыргыз улуттук академиялык Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын мурдагы солисти Светлана Евгеньевна Гусарова дүйнөдөн 29-октябрда дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады

Светлана Гусарова — өмүрүн кыргыз искусствосуна арнаган инсан, алдыңкы опера ырчыларынын бири болгон.  Ал Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 1991-жылы Кыргыз опера жана балет театрында стажёрлор тобунда ишин баштап, Жильданын партиясы менен «Риголетто» операсында дебют кылган. Андан кийин «Дон Жуан», «Пиковая дама» операларында, ошондой эле балдар спектаклдери — «Кызыл шапкечен кыз» жана « Сыйкырдуу музыка» чыгармаларында роль жараткан.

27 жылдык чыгармачылык ишмердигинин ичинде Светлана Гусарова дүйнөлүк классиканын ондогон спектаклдериндеги негизги партияларды аткарган. Алардын ичинде — «Травиатада», Виолетта, «Севиль цирюльниги» Розина, «Сыйкыпдуу  флейтада» ханыша, «Карменде» Фраскитанын ролун аткарган.

Светлана Гусарова назик лирикалык-колоратуралык сопраного ээ болуп, вокалдык чеберчиликти мыкты деңгээлде өздөштүргөн. Ал көп жылдар бою жеке концерттерди берип келген.

2012-жылдын аягында театрдын 70 жылдык мааракесине карата Малахит залында «Күзгү бал» аттуу концертин тартуулаган.

2007-жылы ал Кыргызстандын искусствосуна кошкон чоң салымы үчүн диплом менен сыйланган, 2015-жылы «Маданияттын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чыгармачыл жамааты Светлана Евгеньевна Гусарованын дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун туугандарына жана жакындарына чын ыкластагы азасын тең бөлүшөт.

Сүрөт: Маданият министрлигинин соцтармактагы баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты