Оор кылмыштарга шектүүлөр кармалды

Баткен облусунда оор кылмыштарга шектүү жарандар кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Диний агымдардын бирине берилген Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларынан турган топ  мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасоого шектелүүдө.  

Маалыматка ылайык, алардын  лидери, руханий насаатчысы “Абу Нур” деген лакап ат менен белгилүү Г.К аттуу жаран.

Бул топ  жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкени жана  алардын экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тураары аныкталган.

Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата бөгөт коюу чараларынын камакка алуу түрү тандалган. 

 Учурда, тергөө ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты