Оор кылмышка шектелген кыргызстандыктын Москвадан кармалганы кабарланды

  • 1 месяц мурун

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жана Россиянын ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, изделип жаткан, 2004-жылы туулган Б.Ж. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2023-жылы Ош шаарынын аймагынан 1990-жылы туулган А.М. аттуу жарандын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү 2004-жылы туулган Б.Ж. болуп чыккан. Ага   Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыш иши боюнча эл аралык издөө жарыяланган. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган Б.Ж. аттуу жаран Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө келе жаткан маркумдун автоунаасын токтоткон. Андан соң, айдоочуну жалдап, алар Ош шаарынын ичи менен Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына жеткенде, экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, ал таксистке бир нече жолу бычак сайган. Таксист  өзүн куткаруу масатында ошол тарапта жашаган тургундун үйүнө качып барып, үйдүн кире беришинде каза болгон.   

Ал эми,  маркумдун “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү  автоунаасын кылмышка шектүү Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанына таштап, окуя болгон жерден изин жашырган. Андан соң, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын аймагынан чет мамлекетке чыгып кеткени белгилүү болгон.

Учурда кармалган шектүү жаран Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын мекемесине киргизилди.

Сүрөттө: Шектүү. ИИМ басма сөз кызматы тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты