Ооганстан менен Пакистандын чек арасында от атышуу орун алды
- 4 месяца мурун
Ишемби күнү, 11-октябрда, кечинде Ооганстан менен Пакистандын чек арасында ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнө шилтеме менен билдирди.
Анда ар кандай техниканы колдонуу менен атышкан, анын ичинде артиллерия да бар.
Ооган талибандары Пакистандын чек ара постторуна чабуул койду. Пакистандын өкүлдөрү Ооганстан тарабынан чагымчылык ок атуу орун алганын, ага Пакистан аскери “болгон күчү менен” жооп бергенин билдирди.
Пакистан өкүлдөрүнүн айтымында, атышуу чек аранын 1600 чакырым келген тилкесинин алты жеринен ашыгында болгон. Талибан күчтөрү пакистандыктар үч чек ара постун тартып алганын айтса, пакистандыктар Ооганстандын бир нече постторун талкалаган.
Ооганстандын Коргоо министрлиги Пакистан Ооганстандын аба мейкиндигин бузгандыгына жооп катары аскер операциясын жүргүзгөнүн айтты. Мурдараак Пакистан Кабулга авиа чабуул койгон.
Пакистан Ооганстанды ал жакта пакистандык “талибандар” жашырынып жүргөнү үчүн айыптап келет. Индиянын колдоосу менен ал пакистандыктар Пакистан аймагына чабуул жасашканын билдирүүдө. Ал эми Дели андай айыптарды четке кагууда.
Сүрөт: AP




