Онкология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду
- 1 месяц мурун
Онкология жана радиология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева 6-ноябрда кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу парламенттин социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 11-ноябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Директордун милдетин анын орун басары аткарып жатканы айтылды.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине Бактыгүл Султангазиеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама бергени белгилүү болгон.
Депутат Айсулуу Мамашова Султангазиеванын мамлекеттик клиниканы жетектеп туруп, бейтаптарды жеке клиникаларга жибергенин сындаган. Депутат Аида Исатбек кызы Султангазиеванын ишине нааразылык билдирген.
Муну бөлүшүү