Онкология борборунда акысыз дарыларды кардарларга сатууга шектелген дарыгерлер кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармек каражаттарды эсептен чыгарып, андан кийин жеке тартипте онкологиялык дарт менен ооруган бейтаптарга сатылган.
Үч дарыгер — А.Т., А.Х. жана К.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иш-чаралары улантылып жаткандыгы айтылды.



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!