Олимпиада күндөлүгү: Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын медаль утту

  • 2 года мурун

Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиаданын биринчи күнүндө, 27-февралда, 12 медаль ойнотулду.

Биринчи күндөгү оюндардын жалпы жыйынтыгы боюнча Австралия алдыда келе жатат. Австралиялык спортчулар сууда сүзүү боюнча жеңишке көп жетишти, эки алтын медаль, эки күмүш медаль жана велоспорт боюнча алтын медалга татыктуу болду.

Кытай сууга секирүү жана мылтык атуу боюнча эки алтын медалга жетишти. Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов чемпиондукка жетишсе, Ислам Сатпаев менен Александра Ле жуп болуп мылтык атуу боюнча коло медаль жеңип алышты.   

Бүгүн, 28-июлда, 14 медаль ойнотулат.  

Олимпиада оюндарынын биринчи күнүндө, 27-июлда, кыргызстандык суучул Денис Петрашов чыгып, 27-орунга ээ болду. Бирок ал жарым финалга чыкпай калды. Денис Петрашов 30-июлда 200м аралык боюнча таймашка чыгат.  

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты