Олимпиада күндөлүгү: Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүү боюнча таймашка чыгат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 30-июлда, Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча таймашат.

Денис Петрашов Бишкек убактысы боюнча 16:51 де чыгат.

Азиянын төрт жолку чемпиону Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде машыгат. Ал брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир нече жолу Кыргызстандын рекордун жаңырткан.

Петрашов 27-июлда эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүгө чыкты. Жарышка 5 топко бөлүнгөн жалпы 36 спортчу катышты. Кыргызстандык суучул 23-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен ал жарым финалга чыкпай калды.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Денис Петрашов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты