Футбол: “Мурас Юнайтед” клубу жарым финалга чыкты

  • 4 недели мурун

19-апрелде Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Азиянын чакырык лигасынын футбол боюнча чейрек финалы өтүп, анда кыргызстандык “Мурас Юнайтед» клубу жарым финалга чыкты.  

Бул тууралуу Кыргызстан футбол биримдиги билдирди.  

Анда ата-мекендик «Мурас Юнайтед» клубу Ливандын «Аль-Ансар» клубу менен беттеште 3-0 эсебинде жеңп алды.  

Мелдештин жарым финалында «Мурас Юнайтед» клубу 22-апрелде «Кувейт» клубу менен беттешет. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтөт.

Азия футбол клубунун (АФК) Чакырык лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышып, алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыккан.

Сүрөт: КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты