Олимпиада күндөлүгү: Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-августта, Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде коло медаль үчүн Кубадан келген Марин Потрилье менен таймашып, 0:6 эсебинде жеңилип калды. Айпери Медет кызы коло медаль ала албай калды. Ал 5-орунду ээледи.
10-августта Айпери Медет кызы жарым финалда америкалык спортчу АКШдан келген спортчу Кеннеди Блейдс менен беттешке чыгып, 6:8 эсебинде утулуп, финалга чыккан эмес.
Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында 76 килограмм салмак ченинде 1/ 8 финалында индиялык спортчу Ритика Худаны 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Буга чейин ал кытайлык спортчу Ван Цзюанды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.
Кыргызстандын курама командасында Париж Олимпиадасында 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты.
Олимп оюндары бүгүн, 11-августта, жыйынтыкталат.
Сүрөт: Интернет булактарынан