Мэр «Олд Бишкек» соода комплексине мөөр басып, жабууну тапшырды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Олд Бишкек» соода комплексин жабууну тапшырды. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы тарабынан 1-июлда ижарачыларга эки жумалык мөөнөттө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү талабы менен 122ге жакын билдирүү берилген. Жөө жүргөн кишилер өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок расмий түрдө ишке ашырылган эмес.
Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагында көчмө жыйында айтылды.
Расмий ачыла электигине карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.
«Баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. Өз убагында муниципалитет шаардык инфраструктураны модернизациялоо жана жаңылоо шарты менен бул долбоордун ишке ашырылышын колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарууда» деп баса белгиледи мэр Жунушалиев.
Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча борбор шаар башчысы соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн ишмердүүлүгү токтотулушу керек.
Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




