Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалды

  • 2 года мурун

Кечээ, 21-октябрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевди кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Аалиев менен бирге Октябрь РИИБинин тергөөчүсү жана Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Куватбеков кармалган.

Көзөмөл органы укук коргоо органынын кызматкерлери эмнеге шектелип кармалганын ачыктаган жок.

ЖМКда тарап жаткан маалыматтарга ылайык, милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелип жаткан жалгыз бой эне Асыл Талипованын ишине байланыштуу кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар шектүүнү кармап жаткан учурда кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты