Улуттук гвардиянын жоокеринин сабалышы: Аскер прокуратурасы ишти териштирет
- 1 год мурун
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын № 10126 аскер бөлүгүнүн жоокеринин сабалышы боюнча ишти териштирүүнү баштаганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Жоокер Эрик Шаршенбаев 28-ноябрда Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнө жаткырылып, ага “курч түрдөгү гломеруонефрит, нефрология синдрому” диагнозу коюлган.
Жоокерди токмокко алуу боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилери белгиленди.
Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жүргөн жоокер сабалып ооруканага түшкөн. Окуя 15-ноябрда болгон. Апасы Айнура Кыдырбаеванын «Т-Медиа» басылмасына билдиргендей, уулун эки сержант камера жок жерде, кийим кургатуучу бөлмөдө токмоктошкон.
Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев




