Октябрь окуяларына үч жыл: Садыр Жапаровдун аткарылбаган убадалары

Октябрь окуяларына быйыл 3 жылдын жүзү болду. 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл аянтка чыгып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү Ак үйдү басып алышкан. Толкундоолор учурунда абакта жаза өтөп жаткан жана тергөө абагында жаткан бир катар саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. 15-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып, Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 71,2%н алып, расмий түрдө президент болуп шайланган. 

Садыр Жапаров бийликке келер алдында жана андан кийин көптөгөн убадаларды берген.

“Детектор” долбоорунун алкагында өлкө башчысынын аткарылбаган убадалары тууралуу кеп кылабыз.

“Эскилер болбойт”

2020-жылдагы элдик толкундоолор маалында абактан бошотулган Садыр Жапаров аянтта чогулган элге кайрылуу жасап жатып “бийликте эскилер болбойт” деп убада берген

Бирок учурда бийлик бутактарында отургандардын көбү “эскилер” экени жалпыга маалым. Алардын айрымдары менен тааныша кетели.

А дегенде эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көзгө учурайт. Ал Ак үйдөгү карьерасын 1990-жылдары эле баштап, бир катар жогорку кызматтарды аркалаган. Мисалы, 2005-2007-жылдары экономика жана финансы министри, 2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министри, 2011-2012 жылдары финансы министри болгон. Ал эми Садыр Жапаровдун тушунда, тактап айтканда, 2021-жылдан 1-июнунан 12-октябрына чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2021-жылдын 13-октябрында  президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалган.  

Кийинки кадр — Таалайбек Ибраев. Ал 2022-жылы октябрда энергетика министри болуп дайындалган. Таалайбек Ибраев Бакиевдин тушунда “Түндүк электр”, “Улуттук электр тармагы” ишканаларында жогорку кызматтарды ээлеп турган.

2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулаган соң Башкы прокуратура “Улуттук электр тармагындагы” трансформаторлорду сатып алууга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бул иште Таалайбек Ибраевдин аты дагы аталып, Башкы прокуратура аны Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин командасындагы энергетика маселелери боюнча куратор деп аталып келген Алексей Ширшовдун адамы деп расмий атаган.

Бирок буга карабастан Ибраев мамлекеттик кызматтагы карьерасын уланткан. 2011-жылы Жогорку Кеңештин аппаратында, кийин кайрадан “Улуттук электр тармагы” ишканасында иштеген. 2014-жылы “Оргтехстрой» ишканасынын башкармалыгын жетектеген. 2015-жылы январда Нариман Түлеевдин ордуна “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. 2016-жылдан 2020-жылга чейин “Улуттук электр тармагынын” Чүй облусундагы филиалынын директору болуп иштеген. 

Кийинки сөз болчу кадр — Бектур Зулпиев. Ал ушул жылдын 3-сентябрында Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды.  Бектур Зулпиев 2005-жылы президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштаган. Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин командасынын белдүү мүчөсүнө айланып, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Ак үйдө иштеген. 

Эски кадрлардын дагы бирөө — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов. Ал бул кызматка 2022-жылдын июль айында Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык дайындалган. Эргешов 2005-жылы президенттин иш башкармалыгында ишмердүүлүгүн баштап, 2009-жылы бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болуп дайындалган. 2010-жылдан кийин дагы президенттин жана өкмөттүн аппаратында иштөөнү уланткан. 

2022-жылдын октябрь айында Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалганы белигилүү болду. Алтынбек Максутов бул кызматты 2014-2016 жылдары дагы  аркалаган.

“Райым миллион камалат”

2020-жылы 8-октябрь күнү өкмөт үйүнүн алдында топтолуп турган элге чыккан Садыр Жапаров “Раим Матраимов камалат деп” кесе айткан:

“Журналисттер, “Раим миллион менен сүйлөшүп алыптыр, Жээнбековдор менен сүйлөшүп алыптыр” деп жалган маалымат таратпагыла. Кудайды карап туруп айтам, эч ким менен сүйлөшкөнүм жок. Раим миллион камалат”.

Бирок бир айдан кийин эле президенттин милдетин аткаруучу катары берген отчеттук маалымат жыйынында Матраимовду камоо тууралуу оюн өзгөрткөн:

“Аны камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алдым. Ал өзү дагы мамлекеттен алган мүлктөрдү, акчаларды берерин айтты”,- деп буга чейин камалган бир да саясатчы бир тыйын акча “куспаганын” белгилеген.

2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райым Матраимовду жемкорлукка айыптап кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында көмүскө киреше алып келүүчү коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Айыпталуучу Матраимов тергөө менен кызматташууга жана 2 миллиард сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин айткан соң үй камагына чыгарылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2021-жылы 11-февралда Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Матраимов күнөөлүү экенин сотто өзү мойнуна алган. Мамлекетке келтирилген чыгым катары 1,4 миллард сомду акчалай түрдө, 600 миллион сомду кыймылсыз мүлк түрүндө мамлекеттин бюджетине өткөрүп берип жазадан кутулган. 

Арадан көп өтпөй (18-февралда) ал кайрадан кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынган. 15-апрелде УКМК Матраимовдун иши боюнча эч кандай далил табылган жок деген жүйөнүн негизинде айыпталуучуну камактан бошотуп, сотко чейинки тергөөнү токтоткон.

Башкача айтканда, Садыр Жапаровдун “Раим миллион камалат” деген сөзү толук ишке ашкан жок.

“Саясий куугунтук болбойт”

2020-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин «Конституцияны өзгөртүү диктатурага жол бербейби?» деген суроосуна  “Эч кандай саясий куугунтук болбойт” деп жооп берген.

Өткөн жылдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол коюп, ратификациялаган.

Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууланып, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүп берүүсүнө каршы чыккан активист жана саятсатчылар камакка алынган. Кармалгандарга “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Алардын айрымдары үй камагына чыгышса, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров ж.б. саясатчы жана активисттер  бүгүнкү күнгө чейин абакта. Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков түрмөдө ага карата кыйноо жана куугунтуктоо болуп жатканын айтып келет.

Ушул жылдын 2-сентябрынын таңында оппозициячыл саясатчы, Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, учурда УКМКнын тергөө абагында жатат.

Бүтүн Кыргызстан фракциясынын депутаты Эмил Токтошев “Адахан Мадумаров — жөнөкөй саясатчы эмес, ал оппозициянын лидери. Ошондуктан ага карата козголгон кылмыш ишин саясий иш деп эсептейбиз”, — деп билдирген.

10-октябрь күнү Мадумаровдун жактоочулары маалымат жыйынын өткөрүп, саясатчынын ден-соолугу начар экенин, шашылыш түрдө ооруканага жеткирилип, жүрөгүнө операция жасалышы керек экенин айтып чыгышкан. Ошондой эле жактоочулар Мадумаровдун 2-типтеги кант диабети жана 3-типтеги  гипертониялык оорусу бар экенин жана бул дарттары бар адамды камакта кармоого тыюу салынарын белгилешкен.

“Сөз эркиндиги сакталат”

Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-октябрында «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында өткөн маалымат жыйынында өлкөдө сөз эркиндиги сакталып каларын жана журналисттерди куугунтуктоого жол бербей турганын билдирген.

Бирок бүгүнкү күндө соттук териштирүүлөр жана мыйзамдар аркылуу көз карандысыз медиаларга кысым күчөп, социалдык тармактардагы пикири үчүн жарандарды камоо, эркиндигинен ажыратуу учурлары дагы кездешүүдө.

2021-жылдын августунда Садыр Жапаров убагында Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Бул мыйзамдын негизинде ResPublica гезитинин сайты бөгөттөлгөн. Өткөн жылы “Азаттык” медиасынын сайты дагы ушул мыйзамга ылайык бөгөттөлүп, 9 ай Кыргызстандын аймагында ачылбай турду. Кийин Маданият министрлигинин арызынын негизинде “Азаттыктын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу аракети болду. 

Өткөн жылы ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн күчтөп чыгарылды. Ага карата кылмыш иши 2022-жылдын башында козголуп, “маски-шоу” менен коштолгону дагы белгилүү. Темиров башында мыйзамсыз маңзат сактоого айыпталып жатканы болсо, кийин ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” жана “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренелери боюнча дагы иш козголгон.

Сот журналистти эки эпизод менен актап, үчүнчү иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Темиров жазадан бошотулган. Буга карабай апелляциялык стадияда шаардык сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. 

Болот Темиров бул иш аракеттерди өзүнүн журналисттик иликтөөлөрү менен байланыштарган. Себеби, “Темиров Лайвдын” журналисттери бул окуяларга чейин бир нече чоң иликтөөлөрүн жарыялашкан.

Ошондой эле ушул жылдын  28-августунда  Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз менен кайрылганы белгилүү болду

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Кийин УКМКнын Маданият министрлигине жазган арызынын негизинде “Клооптун” сайты Кыргызстандын аймагында бөгөттөлдү. 

Ошондой эле Садыр Жапаров “Журналисттерге жана жарандарга оюн ачык жазганы үчүн куугунтук болбойт”, — деп айткан.

Бирок Кыргызстанда Өндүрүш Токтонасыров, Кубанычбек Асанов, Мирлан Ураимов, Адилет Балтабай, Айжан Мырсалиева, Ырыс Жекшеналиев сыяктуу жарандык активисттер социалдык тармактардагы посттору жана комментарийлери үчүн кармалып, айрымдары ал тургай эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазага тартылды.

“Туугандарым келбейт”

2021-жылдын январында Садыр Жапаров президенттикке шайлангандан кийин кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, “Канча убакыт президент болсом да мамлекетти өзүм башкарам. Досторум, айдоочуларым, туугандарымдын кийлигишүүсүнө жол бербейм”, — деп билдирген.

Бирок Жапаров бийликке келгенден кийин анын жакын туугандарынан тартып кудаларына чейин мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындалганы маалым. 

Мисалы, Садыр Жапаров өлкөнүн премьер-министри болуп турган чакта, тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында  кудасы  Турусбек Түмөнбаев “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалган. 2021-жылы сентябрда “Темиров Лайвдын” журналисттери Түмөнбаев башкарган мекемедеги тендер махинацияларын ашкерелеп чыккан соң, куда кызматтан алынган. Бирок ушул жылдын март айында Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык мекемесин жетектеп жатканы белгилүү болду

Түмөнбаев “Унаанын” директору болуп дайындалган 2020-жылдын 21-октябрында Садыр Жапаровдун башка буйругу менен дагы бир кудасы Таштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 

Садыр Жапаров эки кудасынын кызматка дайындагынын 2020-жылдын 15-декабрында президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Таласка барган учурда өзү тастыктаган.

Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий киришкенден кийин дагы кудалары унутта калган эмес. 2021-жылдын апрелинде президенттин жарлыгы менен кудасы Алмазбек Акматов Эсеп палатасынын төрагасы болуп дайындалган.

Ушул жылдын апрелинде Садыр Жапаровдун инисинин жубайынын бир тууганы Азамат Шаршенбиев  “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганы маалым болду.

Эми президенттин жакын туугандарына келсек, агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарованын президенттик администрацияда бир бөлүмдүн жетекчисинин орун басары экени белгилүү.

Ошондой эле акыркы айларда уулу Рустам Жапаровдун аты аталган бир нече журналисттик иликтөө жарык көрдү.

Алсак, “ПолитКлиника” медиасы  жарыялаган  “Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар” аттуу иликтөөсүндө бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин бизнес өнөктөшү делген “СК Девелопмент” ЖЧКсынын жетекчиси Алексей Конев менен Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун байланышы жөнүндө айтылат.

Мамлекет башчысы “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “ПолитКлиника” медиасынын  иликтөөсүндө айтылгандарды тастыктап, уулу Рустам Жапаровду курулуш болчу жерди көзөмөлдөп келүүгө жөнөткөнүн жана ал инвестиция тартып жатканын айтты.

Ошондой эле “Темиров Лайв”, “OCCRP” жана “Клооп” медиасы биргелешип жасаган иликтөөдө Рустам Жапаровдун Кыргызстандагы ири долбоорлор менен байланышы тууралуу сөз болот.

“Жаштар менен иштешем”

2020-жылы 8-октябрь күнү өкмөт үйүнүн алдында топтолуп турган элге чыккан Садыр Жапаров жаштар менен гана иштешерин жана келечек жаштардыкы экенин айткан.

Мындан улам биз Министрлер кабинетинин учурдагы курамынын орточо жашын эсептеп көрдүк.

Эсиңиздерде болсо, президент кол койгон жарлыкка ылайык мындан ары 35 жашка чейинки жарандар жаштардын катарына кирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров — 59 жашта;

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев — 62 жашта;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов — 46 жашта;

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев — 55 жашта;

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев — 60 жашта;

Юстиция министри Аяз Баетов — 39 жашта;

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов — 59 жашта;

Финансы министри Алмаз Бакетаев — 52 жашта;

Экономика жана комерция министри Данияр Амангельдиев — 41 жашта;

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева — 46 жашта;

Ички иштер министри Улан Ниязбеков — 48 жашта;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гульнара Баатырова — 59 жашта;

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева — 58 жашта;

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев — 63 жашта;

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев — 46 жашта;

Энергетика министри Таалайбек Ибраев — 62 жашта;

Айыл чарба министри Джаныбеков Аскарбек — 59 жашта;

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев — 58 жашта;

Мадания,маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов — 51 жашта;

Жаратылыш ресурстары,экологиялык жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев — 41 жашта.
Жалпылап айтканда, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн орточо курагы 52 жаш, ал эми эң жаш министр — юстиция министри Аяз Баетов 39 жашта.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты