Садыр Жапаровдун бир тууганынын кызы Перизат Жапарова Президенттин администрациясында иштегени аныкталды

  • 1 год мурун

Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова Президенттин администрациясында иштегени анык болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы бөлүшкөн декларациялар аркылуу белгилүү болду.

Перизат Жапарованын декларациясына ылайык, ал Президенттин администрациясында Санариптик өнүгүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Ошондой эле, ал 2021-жылы 84 412 сом киреше тапканы көрсөтүлгөн. Ал эми көрсөтүлгөн сумманы он эки айга бөлсөк, Перизат Жапарова ай сайын 7035 сом алып иштеп жатканы белгилүү болду.

Садыр Жапаровдун бир тууганынын кызы Перизат Жапарова Президенттин администрациясында иштегени аныкталды

Буга чейин “Темиров Live” командасы Перизат Жапарованы Президенттин администрациясында иштеп жатканын билдирип, бирок кайсы кызматта экенин аныктаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты