Садыр Жапаровдун дагы бир кудасы чоң кызматка дайындалды

Кечээ, 12-апрелде “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын кадр саясатында чоң өзгөрүүлөр болду. Маалыматка ылайык, башкармалыктын төрагасынын экономика, каржы жана мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташтык боюнча орун басары болуп Шаршенбиев Азамат Черикович аттуу жаран дайындалды. 

Буга чейин бул кызматты Өмүралиев Бекмурза Асаналиевичтин аркалап келген.

Садыр Жапаровдун дагы бир кудасы чоң кызматка дайындалды

Жогорку кызматка дайындалган Азамат Шаршенбиев президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин “ПолитКлиника” медиасы аныктап чыкты.

Азамат Шаршенбиев тууралуу эмнелер белгилүү?

Отуз жаштагы Азамат Шаршенбиев Ысык-Көл облусундагы Алышпаев атындагы кооперация институтунда жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде да окуган. 2017-2019-жылдары “РСК банкынын” Чүй филиалында кассир жана кардарларды тейлөө боюнча адис болуп эмгектенген. Ал эми 2021-жылдан тартып “Манас” аэропортунда эсепчи жана материалдык-техникалык камсыз кылуу кызматынын башкы адиси болуп иштеген. 

Президентке кандай куда? 

Эске салсак, 2021-жылдын 16-апрелинде президент Садыр Жапаровдун буйругу менен кудасы Алмазбек Акматов Эсеп палатасынын төрагасы болуп дайындалган. Биз сөз кылып жаткан Азамат Шаршенбиев дал ушул Алмазбек Акматовдун бир тууган агасы Черик Акматовдун баласы. Ал эми Черик Акматовдун кызы Мээрим Акматова Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Аскарбек Жапаровдун жубайы. Демек, Азамат Шаршенбиев Садыр Жапаровдун кудасы экендиги чындык. 

Президенттин дагы кайсы туугандары жогорку кызматтарга дайындалган? 

Президенттин дагы бир кудасы Турусбек Түмөнбаев жакында эле “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасына директорлук кызматка дайындалган. Бирок бул тууралуу расмий маалымат жарыяланган эмес.

Ошондой эле, Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова президенттин администрациясында Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы жарыялаган декларацияларда белгилүү болгон. 

“Кыргызалтын” ААКсынын ишканалардагы үлүштөрү:

— «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК 100%;

— «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 100%;

— “Кыргызалтын” ААК менен “Авелум Партнер” ЖЧКсынын жөнөкөй жолдоштугу (35% “Кыргызалтын” ААК, 65% “Авелум Партнер” ЖЧКсы);

— «Алтынкен» ЖЧКсы — «Кыргызалтын» ААКнын үлүшү 40%. 2006-жылдын 5-апрелинде “Талдыбулак Сол жээк” кенин иштетүү жана лицензиялык аянтка геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында түзүлгөн.

— «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы — «Кыргызалтын» ААК (25% үлүш) менен түркиялык «Эти Бакыр» компаниясынын (75% үлүш) биргелешкен ишканасы;

— «Макмал Голд Компани» ЖЧКсында «Кыргызалтын» ААКнын үлүшү 34%, ал эми «Мансон Групп» ЖЧКсынын 66% үлүшү бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты