Ок атуучу курал-жарак табылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынан ок атуучу курал жана баңгизат бекитилген жай табылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бетон плитанын алдынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык),

11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган.

Учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты