Ойлон Кэмп: Чыгармачылык аркылуу адам укуктарын окутуу

  • 2 года мурун
Ойлон Кэмп: Чыгармачылык аркылуу адам укуктарын окутуу

Ысык-Көлдүн жээгинде 11–15-июлда “Ойлон Кемптин” финалисттери үчүн адам укуктары жөнүндө чыгармачыл лагерь уюштурулду.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

270тен ашык адам катышкан конкурстун 50 катышуучусу ар түрдүү кесиптин ээлери болуп саналат. 4 күндүн ичинде эл аралык жана белгилүү эксперттер катышуучулар менен тынымсыз иштеди. Алар топтордо мастер-класстарды, практикалык сабактарды, чыгармачылык жана адам укуктарын коргоо менен байланышкан темаларды талкуулоону жана презентациялону өткөрүшкөн.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун уюштуруучулары белгилегендей, башкы идея катышуучулардын чыгармачылык дараметин ачуу жана адам укуктары менен тааныштыруу менен бекемделет. Интернет-технологияларынын жана социалдык тармактардын өнүгүшү менен жарандык активизм чыгармачылык жана креатив аркылуу жаңы мамилеге муктаж болууда.

Биринчи эки күнү катышуучулар чет өлкөдөн келген жана Кыргызстандык чыгармачыл чөйрөдөгү, сүрөтчүлөрдү, тик-токчуларды, блогерлерди, маркетологдорду жана импровизаторлорду кошкондо чакырылган спикерлер менен иштешти.

Ошону менен бирге искусство, активизм, гендердик оптика жөнүндө баарлашты жана социалдык контенттин мүмкүнчүлүгүн ажыратты. Ошондой эле алар кызыктуу подкасттарды жасоону үйрөнүштү жана сторителлинг аркылуу маалымат алууну билишти.

Cүрөт: «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты