OCCRP: Назарбаев фонддор аркылуу 8 млрд долларга тете активдерди башкарат

  • 2 года мурун

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев кайрымдуулук фонддору аркылуу 7,8 миллиард доллар активди көзөмөлдөйт.

Бул тууралуу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» (OCCRP), «Vласть» жана Kloop басылмаларынын биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн авторлору Назарбаев президент болуп турганда ысымдары окшош жана отчеттуулугу ачык-айкын эмес төрт кайрымдуулук фонд түзгөнүн ырасташууда. Кеп «Нурсултан Назарбаев кору», «Назарбаев кору», «Демеу кору», «Елбасы кору» жөнүндө болуп жатат. Бул фонддор ээлик кылган активдерге Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядагы банктар, телеканалдар, мейманканалар, соода борборлору, фабрикалар, кампалар, баасы 100 миллион доллардан ашуун турган жеке учак, гольф талаасы, облигациялар жана нак акча кирет.

Назарбаев азыр 81 жашта. Ал Казакстанды 30 жыл башкарган. 2019-жылы президенттик кызматын тапшырып, бирок Коопсуздук кеңешинин жана башкаруучу партиянын башчысы бойдон калган.

Казакстанда толкундоолор башталгандан тарта Назарбаев элге көрүнгөн эмес. ЖМКлар анын өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлашкан. Өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Назарбаевди Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан бошоткон. 18-январда Назарбаев видеокайрылуу жасап, бардык ыйгарым укуктарын Токаевге өткөрүп бергенин, Казакстан элитасынын арасында эч кандай жаңжал жок экенин айткан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Формалдуу түрдө Назарбаевдин көп миллиарддаган активдери жок, бирок экс-президент аларды фонддордун негиздөөчүсү катары көзөмөлдөйт деп айтылат иликтөөдө.

Назарбаевдин өкүлү иликтөөгө комментарий берүүдөн баш тарткан, үч фонд да журналисттердин суроолоруна жооп кайтарган жок. Фонддордун бири Назарбаев активдерден киреше албай турганын, кордун акчасына биринчи президенттин наамындагы билим берүү мекемелери курулганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты