ОБСЕ академиясында Чолпон Орозобекованын китеби талкууланды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-мартта, Бишкекте, ОБСЕ академиясында Швейцариядагы Булан институтунун директору Чолпон Орозобекованын англис тилинде жарыкка чыккан Foreign fighters and International peace  (Чет элдик согушкерлер жана дүйнөдөгү тынчтык) аттуу китебинин талкуусу уюштурулду.

Автор ИГИЛ согушкерлери, ошондой эле Ирак жана Сирияга барып келген аялдардан алынган мазмундуу интервьюларды чогулткан. Китепте маектешүүлөрдүн негизинде адамдардын ал жолго түшүү себептери айтылат. ИГИЛ согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү болгон 70 000 аялдар менен балдардын азыркы абалы, Сирия жана Иракта террордук топтор талкалангандан кийин алардын торго илиниши тууралуу сөз болот.  

Ошондой эле өз жарандарын Сирия жана Ирактан алып келген бир канча өлкөнүн реабилитация жана реинтеграция программалары тууралуу түшүнүк берет. Автордун изилдөөлөрүнүн артыкчылыгы — Ирактан жана Сириядан өз жарандарын кайтарып алып келген  өлкөлөрдөгү чет элдик согушкерлерге түз байланышкандыгы. “Эгер бизди кудай чакырса, биз жихадга чыгабыз” деп, ИГИЛ көзөмөлдөгөн аймактарда туулган жана өсүп калган балдардын эсинде ушундай тактар калган. Китепте  көптөгөн адамдардын тагдыры тууралуу сөз болот, алар окумуштууларга же саясатчыларга гана эмес, окурмандардын кеңири катмарына кызыктуу.  

Китепти жазган эки жыл ичинде автор көптөгөн адамдар менен жолуккан, таржымалдарын уккан, бирок алардын ошол жолго түшүшүнө коомдун өзү түрткү болгондугун аныктаган.       

Чолпон Орозобекова — Булан институтунун директору, Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорлорунда терроризм боюнча эксперт. 2000-жылдардын башында айтылуу «Асаба» гезитинде иштеген, кийин «Де-факто» гезитин негиздеген. 2008-жылы үй-бүлөсү менен Швейцариядан баш паанек алып, азыркы күндө ал жакта жашап жатат. Женева университетинде эл аралык мамилелер жана саясат таануу боюнча жогорку билимге ээ болгон. Англис тилинде көптөгөн лекцияларды окуган. Ийгиликтүү айым катары БУУнун «126 жүрөктүн кагышы» аттуу китебине кирген.

ОБСЕ академиясында Чолпон Орозобекованын китеби талкууланды
ОБСЕ академиясында Чолпон Орозобекованын китеби талкууланды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты