Облус жетекчилери ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугуша баштайт
- 2 недели мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров 11-майдан тартып облус жетекчилери жергиликтүү калк менен жолугуша баштай турганын билдирди.
-Жалпыга маалым, жакында эле Ош облусуна иш сапар менен барып, шаардын жана облустун жети районунун тургундары менен жолугушуп келдим. Эл менен болгон жолугушууларда байкаганым, тургундар көтөргөн маселелердин 80 пайызы райондук, облустук деңгээлде чечиле турган маселелер экен. Калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болду, -деди президент.
-Өзүңүздөр күбө болгондой, көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган маселелер:
социалдык жардам, үй салууга жер тилкесин берүү, документтерин калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктардын корголушу, “айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду, адилетсиз камап койду” деген өңдүү ж.б. даттануулар. Алар ошол эле айыл өкмөт, ал болбосо район акими, анын алы жетпесе облустардагы менин өкүлдөрүм – губернаторлор тарабынан чечилчү маселелер экен.
Эми менин тапшырмам менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүм баш болуп, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилери ушул бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин карашат. Май-июнь айларында айыл өкмөттөрдөгү ар бир жолугушуу УТРК, ЭлТРдин облустук эфирлеринде ана соцтармактагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт. Түз эфирлерди убактыма жараша өзүм көрүп турам.
Октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан кайталанат. Анда дагы түз эфир уюштурулат.Ошондо май-июнда жарандарыбыз тарабынан айтылган маселелер чечилдиби-жокпу билинет. Бирок эптеп эле шылтоо таап, борборго жүктөп коюу аракети суу кечпей турганын алдын ала эскертеми. Жазында айтылган көйгөй айтылган боюнча күзгө чейин чечилбей калып кете турган болсо, таарынбаңыздар.
Губернатор баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыласыздар.Биз силерге үмүт артып, макулдугуңуздарды алып, элге ак кызмат кылуу менен ошол аймакты өнүктүрүүгө акыл дарамети, уюштуруучулук жөндөмү жетет деген ишеним менен ишке коюп жатабыз. Биздин ишенимди актабай, ошол жерди, ошол элди өнүктүрүүгө далалат кылбай, көптүн бири болуп басып жүрө бере турган болсоңор, албетте чара көрүлүшү кажет,-деди Жапаров.
Буга чейин президент Ош облусунун бир катар райондорунун тургундары менен жолугушууларды өткөргөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Ош облусундагы жолугушуулардан. president.kg




