Президент Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Президент ички дүң продукция 22,6 млрд доллардан ашып, бюджет 1,1 трлн сомду түзгөнүн белгиледи.

Президент Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дагы өзүнчө токтолду.

“2025-жылы Ош шаарынын бюджети 3,4 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6,3 млрд сомго жакын каражат кошумча берилген. 2026-жылга шаар бюджети 5,2 млрд сом өлчөмүндө аныкталса, жыл соңуна чейин Ош шаарын өнүктүрүүгө дагы кошумча каражаттар каралмакчы”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал “Капиталдык салымдар” боюнча 2025-жылы 598,4 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Мамлекет башчы экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп жатканын айтты. 2024-жылдан тарта жыл сайын 100гө жакын өнөр жай ишканасы ишке берилип жатат.

Бул саясаттын алкагында Ош облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылып, 1700дөй жумуш орундары түзүлдү. Алардын катарында көмүр кендери, кирпич заводдору, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар бар.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.

Президент Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты